Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус менен пневмониядан дагы 546 адам сакайып, ооруканалардан чыкты.
Айыккандар:
— Бишкек шаарында 117 адам;
— Ош шаарында 24 адам;
— Чүй облусунда 71 адам;
— Ош облусунда 86 адам;
— Талас облусунда 13 адам;
— Нарын облусунда 6 адам;
— Ысык-Көл облусунда 20 адам;
— Жалал-Абад облусунда 113 адам;
— Баткен облусунда 96 адам.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 8-ноябрга карата өлкөдө жалпы 53 миң 952 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.