• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коронавирус: Эртең Бишкектеги окуучулар мектепке барбайт

5 Тогуздун айы 2020 13:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында 2-6-класстын окуучулары окуусун мурдагыдай эле аралыктан улантат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борбору 2-6-класстын окуучуларын мектепте окуусуна уруксат бере элек, буга эпидемиологиялык абал себепкер.

«Биз абалды карап туруп, мектепте окутууга уруксат берген жокпуз. Анткени коронавирус көбөйүп жатат. Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар күч алууда. Анын үстүнө мектептерге жылуулук бериле элек, балдар ооруп калат. Экинчи чейректе абалды байкайбыз», — деп билдиришти аталган мекемеден.

Ал эми 1-класстар мектепте окуусун улантары айтылды. Ошол эле учурда өлкөнүн башка аймактарында эпидемиологиялык абалга карабай, 2-6-класстын окуучулары мектепте окуй турганын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Буга чейин министрликтин буйругу чыккан. Буйрук өлкө аймагындагы бардык мектептерге тиешелүү. 6-класска чейинки окуучулар бардык санитардык нормаларды сактоо менен мектептерде окуп башташат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 602