• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Коронавирус Ыссык-Көлгө жетти

31 Жалган куран 2020 12:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-мартта саат 12:00гө карата Кыргызстанда дагы 13 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1

Акыркы эки күндө 23 (10+13) учур аныкталды, алардын ичинен 4 сырттан келгендер. Калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраак айтканда жергиликтүү (ички) жуктуруу.

Жуктуруунун 19 ички учурдун арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жаралган.

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

Количество просмотров: 3855