• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Коронавирус жуктурган Түркия президенти Эрдогандын абалы айтылды

7 Бирдин айы 20229:24 Бишкек Govori.TV

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган коронавирустун «омикрон» штаммын жуктуруп алды. Мындай маалымат өлкө башчынын Твиттер баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, учурда Эрдогандын саламаттыгы туруктуу.

«COVID-19 вирусунун белгилери байкалган соң жубайым экөөбүз тест тапшырдык. Жыйынтыгы оң чыкты. Жумушубузду үйдөн улантабыз», — деп жазган ал.

Эске салсак, 5-февралда Режеп Тайип Эрдоган жана анын жубайынан «омикрон» штаммы аныкталган.

Количество просмотров: 597