Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлар катталгандан кийин эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, иш-чаралардын жыйынтыгында алар менен кичи ажылыкка баргандар, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен байланышта болгондор аныкталды. Обсервацияларга жалпы 142 адам жаткырылды, алардын ичинен 48 адам Жалал-Абад, 63 адам Ош, 8 адам Баткен, 4 адам Чүй, 1 адам Нарын, 1 адам Ысык-Көл облусунда, 19 адам Бишкек шаарында. Муну менен катар эле 2 адам Өзбекстанга чыгып кеткен. Баарынан анализ алынып, оору тастыкталган жок.
Мындан тышкары аталган бейтаптар менен байланышта болгон жарандардын өздүгү такталды. Жалал-Абад облусунда 1414, Ош облусунда 195, Баткен облусунда 526, Чүй облусунда 84 адам, Кочкор районунда 8 адам, Бишкек шаарында 65 адам бар. Алардын баары үйүндө көзөмөлдөнүп жатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктурган 6 учур катталды. Алар Сузак жана Ноокат районунун жашоочулар.