• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Коронавируска байланыштуу эл каттоо жылдырылабы?

14 Жалган куран 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы жылдырылбай, өз учурунда өтөт. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта, Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

«Эл каттоо мурда белгиленгендей эле өлкө боюнча 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы тоолуу аймактарда 20-29-апрелде өтөт», — деди жыйынга катышкан Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов.


Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус коркунучунан улам өлкөдө бир нече иш-чаралар токтотулуп же кийинкиге жылдырылган.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өтөт.

Количество просмотров: 123