Акыркы сутканын ичинде өлкө аймагындагы коронавирус менен пневмониядан 461 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Алар:
— Бишкек шаарында 128 адам;
— Ош шаарында 26 адам;
— Чүй облусунда 78 адам;
— Ош облусунда 53 адам;
— Талас облусунда 25 адам;
— Нарын облусунда 8 адам;
— Ысык-Көл облусунда 29 адам;
— Жалал-Абад облусунда 61 адам;
— Баткен облусунда 53 адам айыкты.
Кыргызстанда жалпы 63 миң 407 адам коронавирус менен пневмониядан айыкты.