Бир сутка ичинде өлкөдө 69 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Штабдын маалыматында айтылгандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 36, Чүй облусунан 9, Нарын облусунан 15, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 4, Баткен облусунан 3 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1791 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.