• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Коронавирустан дагы эки киши каза болду

5 Кулжа 202010:20 Бишкек Govori.TV

Өткөн суткада коронавирус жуктуруп алган дагы эки киши каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка караганда, биринчиси Бишкек шаарынын 82 жаштагы тургуну. Анын кан басымы жогору жана кант диабети болгон. Экинчи учуру Ош шаарында, 34 жаштагы келин жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумган.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 22 кишиге жетти.

Количество просмотров: 229