• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирустан улам Кыргызстанда өтүүчү чоң спорттук иш-чаралардын мөөнөтү жылып жатат

27 Бирдин айы 2020 17:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өтөт деп жарыяланган эл аралык чоң спорттук иш-чаралардын убактысы жылдырылып жатат. Өлкөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, мындай чечимдер ведомствонун ыкчам жыйынында кабыл алынды.

Ал эми бул чечим дүйнөлүк маселеге айланган коронавирус дартына байланыштуу.

Мөөнөтү жылдырылган иш-чаралардын бири — хоккей боюнча шайба менен өтүүчү IV дивизиондук дүйнөлүк чемпиоант.

Япониянын Токио шаарында боло турган Олимпиада оюндарынын күрөш боюнча лицензиялык турнири да Бишкек шаарында өткөрүлбөй калды. Аталган турнир 27-29-мартта Бишкек шаарында уюштурулмак.

Количество просмотров: 76