• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Коронавирусту жуктургандар менен байланышкан дагы 1630 адам аныкталды

21 Жалган куран 202012:07 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда коронавирусту жуктургандар менен байланышкан 1630 адам аныкталды. Дагы 734 байланышкан адам Ноокат районунда табылды.
Алардын баары анализ тапшырып, учурда обсервацияга алынган.

Саламаттык сактоо министринин орун Толо Исаковдун маалыматы боюнча, 21.03.2020-ж. эрте мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны – 12 адам.


Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды.
Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда.

Количество просмотров: 2404