• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Коррупция фактысы боюнча Салык кызматынын жана Финполдун кызматкерлери кармалды

21 Бирдин айы 2020 16:01 Бишкек Govori.TV

Коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полиция) кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Белгилүү болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Б.У.Р Салык кызматынын жооптуу кызматкери А.С.М. менен биргеликте Кыргызстанга товарларды тоскоолдуксуз салык төлөмдөрүн төлөбөстөн өткөрүү үчүн акча алып турушкан», — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында Б.У.Р. менен А.С.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

«Алар Кылмыш кодексинин 319-беренеси боюнча («Коррупция») шектелүүдө», — деп билдиришти УКМКдан.

Количество просмотров: 2097