• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Кожошев белорус делегациясы менен Бишкекке автобустарды жеткирүү шартын талкуулады

9 Бештин айы 202118:41 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларусь Республикасынын өнөр жай министри Петр Пархомчик менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Арзыбек Кожошев жана Петр Пархомчик келишим долбоорунун пункттарын талкуулады, ага ылайык, белорус тарап Бишкек шаары үчүн белорус өндүрүшүндөгү автобустарды ташып баштоого даяр.

Тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен келишим долбоорун талкуулоону улантуу макулдашылды.

Белгилесек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, анын жүрүшүндө Бишкек шаары үчүн коомдук транспортту жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароо макулдашылган.

Теги:
Количество просмотров: 194