• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

КСДП Өмүркуловду «чыккынчы» деп атадыбы?

25 Тогуздун айы 2018 17:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV
Кундуз Жолдубаева азыр партиянын айланасында болуп жаткан окуялар КСДП партиясынын ичинде ар дайым чыккынчылык болуп келгени менен түшүндүрөт.
«Саясий уюмдарга кызыккан белгилүү күчтөр бар. Бирок алардын аракетинен эч майнап чыкпайт. Партия күчтүү боло берет»,-дейт Жолдубаева.
КСДПнын официалдуу өкүлү, партиянын 25 жылдык тарыхында  эч өксүк болбогонун, каршылыктар көп болгонуна карабай өз иштерин токтоосуз кылып келе жатканын кошумчалады.
Партиянын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов журналистерге депутат Иса Өмүркулов менен жолукканын айткан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу маселесин колдогон.
Кийин Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын колдойт деген маалымат дагы таратылган.
Бирок, учурда Өмүркулов бул кыймылды колдой турганы же колдобой турганы али белгисиз.
Количество просмотров: 28