Бишкек шаардык милициясы тарабынан каракчылыка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма-сөз кызматы маалымдады.
«Свердлов райондук ИИБне арыз менен кайрылган жаран, 2017-жылдын декабрь айында, жакындан тааныш эмес адамдар, коркутуп-үркүтүү жолу менен 277 000 сомдук «Мерседес-Бенц» маркасындагы унаасын тартып алганын айткан. Тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши ачылып, ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында 1977-жылы жана 1984-жылы туулган эки адам кармалды. Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турганы белгилүү болду»,-деп жазылат Бишкек ШИИБ тараткан маалыматта.
Алардын машинасын тинтткенде Макаров тапанчасы 5 огу менен, ал эми жанындагы адамды тинткенде 57 ок чыккан. Учурда шектүүлөр камака алынып, тергөө иштери жүрүп жатыптыр.