• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кунтуу айыл өкмөтүндө эки медайым элин куткарып калды

30 Теке 2020 12:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте менчик ооруканада иштеген 44 жаштагы медайым Майрам Кармышова оор кырдаалда элине жардам берип, бир нечесин өлүмдөн алып калганы үчүн сыймыктанат. GOVORI.TVга берген маегинде Майрам, Дилбар айым менен биригип күндүзгү стационар ачып, айылдаштарына жардам бергендери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында ал өзү да бул илдет менен ооруп, кыйналып, айыккан.

«Мен өзүм ооруп кыйналгандан кийин башкалар кандай болуп, эмне болуп жатканы тууралуу ойлодум. Жаңы башталган учурда абал аябай жаман болду. Өзүм ооруп жатканда да мага абдан көп чалуулар болду да, туугандарым чалды, бейтаптарым. Бир күндө 30 дан ашуун чалуу болуп жатты. Анан өзүм жакшы болгондон тартып эле кандай жардам берсем болот деп ойлонуп жүрүп жакшы ой келди. Себеби, айрымдар даарымды сайып берип койчу деп үйгө чейин келип жатышты да. Балдарым да ооруп баштады, анан алардын ден соолугуна коркунуч жаратпаш үчүн, чатыр болсо да ачууну чечтим. Жардам сурап айыл башчысына кайрылсам, ал ооругандар көп болуп жатканын айтып жардам берүүгө макул болду. Алгач бир апа чатырымды алгыла деп калды, андан соң эле дагы тааныштар айтып калышты коңшу айылда бирөөлөр үйүн берип жатыптыр деп. Ал жакка барып медайым болуп иштеген Дилбар менен таанышып, экөөбүз үйдү көрдүк. Ал кичине ремонтко муктаж экен, бул маселе менен председателге кайрылдык, жардам берди. Оңдоо иштерине карапайым эл да жардам берди, бири сырдап берсе экинчиси актады дегендей. Ошентип 8 койко-орун жасап, бейтаптарды кабыл алып баштадык», — деди ал.


Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу болжолдуу түрдө 500 дөй түтүн жашаган Колос менен Строитель дачаларында эки медайымдын күчү менен ачылган стационарда жүздөгөн адамдарга жардам берилди. Кармышованын айтымында шаарга жетпей, ооруканага бара албай калгандар, дарыгерге барып дары жаздырып келгендердин баарына жардам берилди. Ал мындай ой элдин кыйналганынан улам келип чыкканын белгилейт.

«Ошол учурда карантин болуп, коомдук транспорт да токтоп, айрымдар шаарга ооруканага да жеткенге чамасы жетпей жатты. Дарыгерлерге барса 5-6 сааттан кезекте турат. Даарыгер жазып берген кагазы менен кайда бараарын билбегендер болду, ал учурда шаарда да күндүзгү стационарлар ачыла элек болчу. Бизге ар түрдүү абалдагы бейтаптар кайрылып жатты. Өз өмүрүбүздү тобокелге салып колубуздан келген жардамды берип жаттык. Дарыларын алып келишет, биз сайып беребиз, тамчылатмасын коюп берип жаттык. Кандай абалда келип жатканы тууралуу сөз менен айтып жеткире албайм, көздөрүн жалдыратып, ушул дарыны сайсаң эле жакшы болуп кетем деген бейтаптарды көрүп зээним кейип, жүрөгүм ооруп, кээде ыйлап да жаттым. Чынында ошол учурда абал оор болду. Абал оор болду дегеним, карапайым калк ошол учурда каралбай калды да, өкмөткө таянбай, күтпөй өзү менен өзү болуп жатты. Менин оюмча бул ооруну эл ынтымагы менен жеңди. Себеби, бири-бирине өз дарыларын берип, баары тең эч бир жардамдарын аяган жок», — дейт медайым.


Ушундай оор кырдаалда сакайып кеткен бейтаптарды көрүп абдан сүйүнөт экенсиң деген Майрам эсинде калган бейтабы тууралуу да айтып берди:

«Эң эле эсте калганы бул Галина деген эже болду. Ал алгач келгенде сүйлөгөнгө, ал-акыбалын айтканга да чамасы жетпей келген. Дене табы да өтө жогору, кан басымы төмөн болчу. Абалы оор болчу. Өз убагында дарыларын сайып, карап калгандыктан, эже бат эле өзүнө келип жакшы болуп кетти. Ал эле эмес башка да бейтаптарды өз убагында жардам берүү менен сактап калдык десем болот. Мен ошого азыр абдан сүйүнөм».

Ал эми стационарды ачкан экинчи медайым Дилбар даарыгерлик кесибимди эми толугу менен аркалап, чындап элге жардам берип жатам дейт.

«Балдарымды жолдошума калтырып коюп, элиме жардам берейин деп чыктым. Өз убагында адамдарга биринчи жардам көрсөтүү менен өмүрлөрүн сактап калдык. Менин эсимде калган учурлар да көп болду. Алардын биринде, мага бир адам телефон чалып «мен өзүм коронавирус болуп жатам, а аялым менен апам пневмония болуп жатышат, коркпойсузбу, жардам бере аласызбы?», — деди. Мен коркпойм деп, дарыгер болууга окуганымды, ант бергенимди айтып аларга жардам бердим. Кудайга шүгүр учурда баарынын абалы жакшы болуп кетти», — дейт медайым.

Белгилей кетсек, эки айым биргелешип иштеткен стационарда учурда эки гана бейтап бар. Алар абал жакшырып баратканын айтышууда.

Ал эми стационар азырынча жабылбайт, себеби жергиликтүү тургундардан сурагандар болду. Кармышова кошумчалагандай тургундар ал жерди мындан ары да колдонууга боло тургандай кылып оңдоп же башка жер таап медициналык пункт ачууну үмүт кылушууда.

Количество просмотров: 6780