Кургак учук оорусу менен күрөшүү үчүн 100 миллионго жакын евро кеткен
Кургак учук оорусу менен күрөшүү үчүн 100 миллионго жакын евро кеткен
12 Тогуздун айы 201819:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV.
20 жыл аралыгында кургак учук оорусу менен күрөшүү үчүн 100 миллионго жакын евро кеткен. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Бул тууралуу бүгүн КСДПнын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев билдирди.
Ошондой эле бүгүнкү күндө 60 миңге жакын адам аталган ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгон.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Аалы Карашев саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден өлкөдөгү кургак учук менен ооругандардын жалпы саны тууралуу маалымат берүүнү сурады. Анда министр бул боюнча так маалыматы жок экенин айтып, кат түрүндө жооп берээрин белгиледи.