• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курсан Асанов ИИМде сурак берүүдө

14 Аяк оона 2021 18:52 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМде сурак берүүдө. Бул тууралуу Govori.TVга анын адвокаты тастыктады.

Анын айтымында, 2020-жылдагы октябрь окуялары тууралуу суракка чакыртылган, ал кылмыш ишинин материалдары менен таанышууда.

Эске салсак, Асановго карата үч кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура 2020-жылдын февраль айында билдирген.

Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда.

Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга айыптаган жалган маалыматтарды таратууга айыпталууда. Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту буларды бир ишке бириктирип, чогуу карап карап жатат.

Быйыл январь айында Асановго «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган. Асанов азыр үй камагында.

Количество просмотров: 536