Бишкек.27.08.2019.Govori.TV.
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасында сурак берди. Андан соң Биринчи май райондук сотуна анын баш коргоо чарасын каралып, 13-октябрга чейин үй камагына алынды.
Ал эми Курсан Асанов өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин айтып, адилеттүү териштирүү болооруна ишенээрин кошумчалады.
Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта кызматтан алынган эле. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишенимден кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.
Ошондон кийин Аскер прокуратурасы Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгоп, үйүн тинтүүгө алган.