Бүгүн, 2-ноябрда УКМКнын имаратынын алдына Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.
Белгилей кетсек, Асановду колдоо митинги бул менен экинчи ирээт өтүүдө, буга чейин 31-октябрда өткөн болчу.
Бүгүн 200дөй адам чогулган, алардын айтымында тычтык маршы менен чогулгандар Бишкек шаардык сотуна, андан кийин эски аянтка келишмекчи.
Эске салсак, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановду 10-декабрга чейин камакка алган. Ал 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган эле. Асанов УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Ал эми 29-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.