• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кустуруу» операциясынан канча акча түшкөнү тууралуу УКМК отчет берди

15 Чын куран 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, алынган бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп жаткандыгы боюнча коомчулукка маалымдайт.
2020-жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин УКМК мамлекеттин кирешесине 5 миллиард сомдон ашык каражатты кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКнын басма соз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алардын 2 миллиард сом мүлк түрүндө ал эми 3 миллиард сомдон ашыгы акчалай түрүндө түшкөн.

«Ошол эле учурда, бул каражаттардын бир бөлүгү учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгында, каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизилген, ага ылайык укук коргоо жана көзөмөл органдары жарыяланган каражаттарды өз муктаждыктары үчүн колдонууга укугу жок.

Количество просмотров: 340