• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз эл артисти, таланттуу актер Дүйшөнбек Байдөбөтов дүйнө салды

7 Теке 2018 13:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.07.2018.Govori.TV.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз эл артисти, белгилүү кино жана театр өнөрпозу Дүйшөн Байдөбөтов 69 жаш курагында бүгүн эртең менен дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Анын буга чейин ооруп, дарыланып жатканы кабарланган болчу. Маалыматка ылайык, актёр бүгүн, 7-июлда болжол менен саат 9:00дөр чамасында көз жумган.

Дүйшөнбек Байдөбөтовдү акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында болот.

Байдөбөтов быйыл 70 жашка чыкмак.

Дүйшөнбек Байдөбөтов 1949-жыл, 5-январда, Ысык-Ата району, Үч-Эмчек айылында туулган. Чыгармачылык жолун 1972-жылы Ош облустук драма театрынан баштаган. Ал эми улуттук театрга 1991-жылы келген. Байдөбөтов «Мен Тянь-Шань» (Ильяз), «Айсулуунун талаасы» (Сабыр), «Каныбек» (Түлкүбек), «Акбаранын көз жашы» (Базарбай), «Саманчынын жолу» (Субанкул), «Кайчы жолдор» (Хан), «Курманжан датка» (Манасчы) «Токтогул» тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде «Белгисиз маршрутта» айдоочунун ролун аткарган.

Театрда  «Курманбек» (Курманбек), «Барпы ырчы» (Барпы), «Коммунист Танабай» (Танабай), «Отелло» (Отелло), «Дарак түбүндөгү махабат» (Кэбот) жана башкалардын ролдорун аткарган.
Актёр алты жылдан бери пенсияда болгондугуна карабай, Кыргыз драма театрында актёр жана театрдын алдындагы училищеде окутуучу болуп иштеген.

«Govori.TV ” маалымат агенттиги актёрдун жакын туугандарына, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 13