• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргыз улуттук университети финансылык мыйзам бузууларга барган

15 Баш оона 2018 17:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV
Эсеп палатасынын аудиторлору Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги финансылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, университеттин жооптуу адамдары бюджеттик жана атайын каражаттарды мыйзамсыз колдонушкан.
Андан тышкары окуу жайдын окуу акысы үчүн каражаттарды негизсиз жогорулаткан фактылар аныкталган.
Ошол кезде Кыргыз улуттук университетти Чынар Адамкулова башкарганы айтылууда.
Аудиттин жыйынтыгы менен университеттин жетекчилигине мыйзам бузууларды оңдоо үчүн эскертүү берилди. Табылган фактылар укуктук баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү.
Количество просмотров: 22