• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кытайлык ТВЕА Тажикстандын алтын кендерин ээлеп жатат

1 Бугу 2018 10:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.05. 2018. Govori.TV

Тажикстандын  өкмөтү кытайлык ТВЕА компаниясына буга чейин берген эки алтын кендин  үстүнө башка кендерди да берүүгө макулдук берди. Бул тууралуу  STCN.com интернет порталы жазып чыкты.

Анда белгилүү болгондой,  Тажикстан Кытай Эл Республикасынын ТВЕА компаниясына “Душанбе-2” ТЭЦин курдуруп, ага жумшалган 349 млн. АКШ доллары үчүн Согди облусундагы “Жогорку Кумарг” жана “Дуоба” алтын кендерин  иштетүү укугун берген болчу.

Бирок, кытайлык компания бул жердеги кендин запасы алардын ТЭЦ курууга кеткен чыгымдарын жаппай турганын айтып, ал жердеги алтын казуудан компания болгону 178 млн. АКШ доллары өлчөмүндө киреше алаарын айтып, жалпысынан  карыздардан кутулуу үчүн тажик өкмөтү башка алтын кендерин  да иштетүүгө берүү керектигин айтып чыккан.

Эске сала кетсек, кытайлык ТВЕА Кыргызстандагы Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 386 млн АКШ долларын жумшаган. Можернизация болгон ТЭЦ быйылкы кышта аварияга учурап, борбордун эли үч сутка жылуулуксуз жана жарыксыз калган. Бул каражатка ТЭЦтин 30 пайызы араң жаңыртылганы маалым болгон.

 

 

Количество просмотров: 19