• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыйноону алдын алуу борбору 11 журналист тергөө абагына которула электигин билдирди

29 Үчтүн айы 2024 9:18 Бишкек Govori.TV

16-январда кармалган 11 журналист эки айга тергөө абагына камоо тууралуу сот чечими чыкканына карабай дагы деле милициянын убактылуу жайында кармалып турат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун жетекчиси Бакыт Рысбеков «Азаттыкка» билдирген.

Аталган мекеме алардын убактылуу кармоо жайында кармалып турушунун мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылган.

ИИМ бул боюнча маалымат бере элек.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камалган.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттердин кармалышын айыптап, аларды тез арада бошотууга чакырууда.

Количество просмотров: 101