• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыйын: «Чет элдик өкүл» мыйзамы Кыргызстанды артка тартат (Түз эфир)

17 Тогуздун айы 2023 16:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүү. БУУ өкүлү «чет элдик өкүл» мыйзамы Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч жаратарын айтты.

“Адилет” укуктук клиникасы бул «чет элдик өкүл» мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Орусиядагы репрессивдүү “чет элдик агент” мыйзамынын Кыргызстандагы аналогу катары сыпатталып жаткан бул мыйзам долбоору “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максат кылат.

  • Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.
  • “Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.
  • Илим, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.
  • “Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчеттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчет берип турушу керек.
  • Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүлөргө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бере алат.
  • Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, атуулдарды “жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге” үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айыппулга жыгылат же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай уюмдардын ишине жигердүү катышкандар, же алардын ишин пропаганда кылгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

Эске салсак, «Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Кыйын ток-шоусунун катышуучулары:

«Интербилим» коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева

«Балдар укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова.

Модератор: Кайыргүл Урумканова

Количество просмотров: 353