• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кыйынмын». Бишкекте айымдарга дем берген сүрөт пайда болду

27 Аяк оона 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Кыргызстандагы аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Кыйынмын” деген сүрөт пайда болду.

Осмонкул жана Куренкеев көчөсүндөгү дубал сүрөтүн basicolors арт тобунун сүрөтчүлөрү тартакан. Ашканада баласын көтөрүп түшкөн келиндин сүрөтү үй турмушун чагылдырат. Ошондой эле келиндин колунда планшет, алдыңкы планда табигый илимдер китептери жана “кыйынмын” деген жазуусу берилген.

Сүрөттүн максаты – аялдарды өзүнө ишенүүгө, жашоодогу жана күнүмдүк кыйынчылыктарга карабай кыялдарына карай умтулуусуна шыктандыруу.

Количество просмотров: 68