Ички иштер министрлиги кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар жоопкерчиликке тартыла турганын эскертет. Буга тиешелүү жаза Жазык кодексинин 344-беренесинде каралган.
Министрликтин эскертүүсүндө: «Акыркы убакта WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Кылмыш жасалганы жөнүндө жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына «102» кызматы аркылуу кабарласа болот. Кыргыз Республикасынын мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт», — деп айтылат.