• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кылмыштуу топту каржылоого айыпталган Анвар Маметовдун кылмыш иши токтоду

23 Теке 202412:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук кызматы Анвар Маметовдун уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы жоктугу далилденгенин билдирди.

2024-жылдын 16-июлунда Анвар Маметов Кыргызстанга келип, тергөөгө активдүү катышкан. Жыйынтыгында, мурда коюлган айыптар, уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугу аныкталып, кылмыш иши кыскарды.

Белгилей кетсек, Анвар Маметов (Габбазов — мурдагы фамилиясы) кылмыштуу топту каржылоого айыпталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Анда УКМК «Айчүрөктүн» ээсин маркум Камчы Көлбаев менен байланыштырган. Ал кримтөбөлгө брондолгон «Мерседес-Бенц 222″ унаасын бергендиги айтылган.

Теги:
Количество просмотров: 114