• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кылыч Саркарбаев кримтөбөл “Женго” менен жолуккан видео тууралуу ЖАМК үн катты

25 Аяк оона 2019 12:12 Бишкек Govori.TV

“Женго” деген каймана аты менен белгилүү, кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаевдин жанаша басып келаткан видеосу тараган. Бул тууралу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тасма качан, кайда тартылганы боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, тасма тууралуу маалымат иликтенип жатат. Болжолдуу жанындагы имараттан тартылышы мүмкүн. Азыр 2015-жыл болушу мүмкүн экени айтылды.

Кылыч Саркарбаев болсо Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы, кикбокс боюнча спорттун чебери, эрежесиз эр мушташ боюнча бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

«Женго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган болчу.

Количество просмотров: 620