• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кылычбек Султан: “Досалы Эсеналиев  өч алып жатат”

11 Тогуздун айы 2018 18:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын жана Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу жүйөөсүн текшерип жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Кылычбек Султан фейсбуук баракчасына жазып чыккан.
Ал “Досалы Эсеналиев, Эрлан Абдылдаев, Сиздерди жеңишиңер менен куттуктайм!!!Урматтуу Сооронбай Шарипович, «мүдүрүлбөс туяк» болбойт. Эң акыркы жаңылыш чечимиңиз мен болоюн. Ишиңизге ийгилик каалайм!-деп жазып, төмөндөгү коопсуздук кеңешинин катчылыгынын чечимин калтырган.
 “Аталган иштер боюнча иликтөө жүргүзгөндө Тышкы иштер министрлигинин системасында так кадрдык саясат жок экендигин, анын кесепетинен мезгил-мезгили министрликтен «кызматтык» мүнөздөгү маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгын көрсөттү. Кадрларды тандоодо жана орноштурууда жетекчиликтин олуттуу кемчиликтери аныкталды. Ошондой эле кызматкерлери мыйзам бузууларга барса жетишээрлик объективдүү реакция жасалбагандыгын белгилеп коюу зарыл», — деп айтылган маалыматта.
А эми Кыргызстандын Кореядагы элчиси  ТИМ менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттап турган. Ошондой эле Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык, Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакыт иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайызы маянасына кошумча төлөнөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө Султандын жубайынын Кореяда элчи менен чогуу жашаганын тастыктоочу документтер алынган эмес. Ага карабай ТИМ 2018-жылы элчинин жубайы үчүн 6,5 миң доллардан ашык каражатты негизсиз төлөп берген”-деп жазылган. Ошондой эле көптөгөн мыйзам бузууларга барганы кошумчалаган.
Эми ТИМдеги жана Кылычбек Султандын элчилик ишмердүүлүгүндө аныкталган мыйзам бузуу фактыларын карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Ал эми Кылычбек Султан бул чечимден кийин Президенттин Аппарат башчысы Досалы Эсеналиев жана Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев экөөнүн өч алып жатканын билдирген. “ Мен 28-сентябрда эле арыз жазгам. Текст постторумдун арасында бар. Өч алуу эле болуп жатат Досалы менен министр тараптан” -дейт Кылычбек  Султан
Количество просмотров: 28