• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Кыргыз паспортун алган чет элдик жарандар текшерилет

9 Теке 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз паспортун алган бардык чет өлкөлүк жарандар мыйзам чегинде текшерилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын паспортторунун мыйзамдуулугу, бир эле учурда эки мамлекеттин паспортторун алган фактылар жана Кыргызстандын жалпы жарандык паспорттору эмне себептен мыйзамсыз берилип кеткени, кимдер бергени сыяктуу бардык фактылар текшерилип, укуктук баа берилет. Эки өлкөнүн кош жарандыгын алгандар да текшерүүгө алынат.

Паспорт текшерүү жараянына «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу ачылган сотко чейинки өндүрүш учурунда аныкталган маалыматтар негиз берген.

Количество просмотров: 235