• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу

9 Бугу 20209:34 Бишкек Govori.TV

9-майга карата Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

«Түн тынч өттү, эки тараптан тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү жайгашкан жерлерине алынды. Баткен облусуна Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 8-май күнү Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, төрт кыргыз жараны жаракат алган. Анын үчөө аскер кызматкери.

Количество просмотров: 105