• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр чыкты. Жабыркагандар бар

8 Бугу 2020 20:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Чек жерлигинде аталган жерге тиешелүү болгон 50 сотых жерди талашып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар ортосунда чыр-чатак орун алган.

«Аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытып, алдын-ала алынган маалыматтарга караганда Кыргызстандын бир жараны башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атуулар болду. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн.

Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жайгашкан жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттук ок чыгарган. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 359