Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV
Кыргызстан мененТажикстандын чек арасында жер титирөө фактысы катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 16-декабрь күнү саат 19:20да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында 4 баллга, Достук айылында 3,5 баллга, Кулунду, Кайрагач айылдарында 3 баллга жеткени белгилүү болду. Маалым болгондой жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.