• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Кытайда жер титиреди

9 Аяк оона 201910:12 Бишкек Govori.TV

Кытайдын Сычуань провинциясына караштуу Нейцян шаарында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөөдө 1 киши каза таап, 29 киши жаракат алды.

Кытайдын борбордук телеканалынын маалыматына караганда Нейцян шаарына караштуу Вейюен районунда болгон жер титирөөдө 1 киши каза таап, 29 киши жаркат алган. Жер титирөөдөн кийин дароо 4 баллдык термелүү катталган аймакта 17 үй кулап, 215 үй зыянга учурады.

«Куткаруу иштери башталган аймакта жер титирөөнүн себебинен электр тогу үзгүлтүккө учурап, жабыркагандар ооруканаларга жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 105