Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күчү 4 баллга жеткен жер титирөө бүгүн, таңкы саат 4:22 чамасында катталган. Силкинүү очогу Тоң районундагы Улахол айылынан 4 чакырым алыстагы Тескей Ала-Тоонун этегинде орун алып, Улахол жана Жер-Көчкү айылдарында — 3,5 баллга, Ак-Кыя айылында — 3 баллга, Туура-Суу айылында 2,5 баллга чейин жеткен.
Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.