• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кыргыз тилин билбеген кызматкерлер жумуштан алынат»,- деген мыйзам ишке ашабы?

20 Чын куран 2023 15:21 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору каралган. Анда жасалган баяндамада «Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкер жумуштан алынсын»,-деген талап катуу талкуу жараткан.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына аталган мыйзам популисттик болуп калбайбы?, ишке ашабы?,-деген суроону узаттык. Анткени буга чейин президент Садыр Жапаровдун «бардык иш-кагаздар кыргыз тилде жүргүзүлсүн».-деген талабы аткарылып жаткандыгынын жыйынтыгы деле байкалган жок.

Количество просмотров: 380