• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан менен Мальдив ТИМ башчылары визасыз режим боюнча келишимге кол койду 

26 Аяк оона 2022 13:38 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальдив Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулла Шахид менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин сайтында маалымдалат.

Маалыматта айтылгандай, визасыз режимдин географиясын кеңейтүү максатында жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Мальдив Республикасынын – жалпы жарандык, ошондой эле дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторуна ээ жарандары 30 (отуз) күнгө Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотула тургандыгы көрсөтүлгөн.

Жолугушуунун соңунда, Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетин билдиришти.

Количество просмотров: 70