• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстан – Мьянма оюнуна Садыр Жапаров күйөрмандык кылууда

11 Кулжа 202221:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянма командасы менен оюн талаасына чыкты.

Беттеш саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда старт алды.

Оюнга президент Садыр Жапаров өзү келип, «Ак шумкарларга» колдоо көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылы өтөт турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан.

Белгилей кетсек, “Ак шумкар” 14-июнда Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Количество просмотров: 652