• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргызстанда 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алды

29 Кулжа 202016:32 Бишкек Govori.TV

Быйылкы «Алтын Тамга» сынагына 1 250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү (19 пайызы) артыкчылык аттестатын алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Алтын Тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлгөн.

«Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү — сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алып жатышты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, былтыркы окуу жылында 182 бүтүрүүчү (17%) артыкчылык аттестатын алган.

Количество просмотров: 148