• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканы айтылды

30 Тогуздун айы 2023 17:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйында «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Султанбай Айжигитов Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканына кызыкты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов маалыматы боюнча, «Гранд казинонун» 80 пайыз үлүшү «Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез» компаниясына, 20 пайызы Азат Буркановго таандык.

«Кристал казиносуна Уметалиев 37 пайыз, Айткулов 10 пайыз, Чубак Асанов 53 пайыз үлүшүнө ээлик кылат»,-деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 582