Бишкекте эң алгачкы казино ачылып, иштеп баштаганы тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланып, кызуу талкууга жем таштады. Анда жарым жылаңач кыздардын бийлеши нарк – насилди сүйлөгөн депутаттардын убагында казино мыйзамын кабыл алып бергени сындалып жатат. Эл өкүлдөрү кандай пикирде?
Өткөн жылы оюн-зоок ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кароо коомдо бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Анын кабыл алынышына каршы болгондор борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Жогорку Кеңеште да талаш-тартыштар жаралып, парламент бешинчи аракетинде кумар оюндары боюнча мыйзамды кабыл алган.
Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган. Ал эми 2015-жылы – тотализаторлор менен букмекердик контораларына дагы чектөө кирген. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы жана кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.