• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргызстанда майып балдардын жөлөкпулу көбөйдү

3 Бештин айы 201811:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Өткөн аптада майыптар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп, анын жыйынтыгы 30-ноябрда чыкты. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, мелдешке 100дөн ашык киши катышты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык интеграциялоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.
Анын маалыматына караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул 33 пайызга көбөйдү. Мурда аларга 3000 сом жөлөкпул берилсе, эми 4000 сомдон ала баштайт. Өткөн аптада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерге акы төлөө эрежеси бекитилди. Кочкоровдун айтымында, майыптардын укуктары тууралуу Бириккен улуттар уюмунун конвенциясын ратификациялоо боюнча да иш жүрүп жатат.
Мекеменин маалыматы боюнча ушу тапта Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Буга чейин өлкөдө 177 майып адам бар экени, анын 29 миңи балдар экени айтылып келген.
Количество просмотров: 34