• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстанда Tik Tok жабылабы?

16 Чын куран 2024 21:15 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын тескөө жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн бардык интернет-провайдерлерине Тik Тоk тиркемесине байланыштуу тиешелүү кат жөнөткөнүн Kaktus.media сайты жазды.

Катта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен Жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына Тik Тоk’тун кыргыз сегментинде “контентке цензурага системалуу жана принципиалдуу мамиле жок” деген кат келип түшкөнү айтылган.

Мындай чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталганы кошумчаланган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 67