Кыргызстандын өкмөтү унааларга коопсуз жол жүрүүгө мүмкүн болгон трассада 110 км/с ылдамдыкта жүрүүгө уруксаат берди.
Буга тиешелүү жол кыймылынын эрежелерине өзгөрүүлөр өкмөттүн 2019-жылы 31-октябрындагы токтому менен киргизилген.
Мындай чечим эл аралык маанидеги унаа жолдордогу айрым тилкелерде ылдамдык режимин көбөйтүү менен өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Токтомдо кайсы тилкелерде жана унаа жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө уруксат берилгени көрсөтүлгөн эмес. Буга чейин айдоочулар унаа ылдамдыгын саатына 90 чакырымдан ашырбашы керек болчу.
Транспорт жана жолдор министрлигине, Ички иштер министрлигине өз чечимдерин токтомго шайкеш келтирүү тапшырылды.
Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: АКИ пресс