• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Кыргызстандагы чет элдик мигранттардын 80 пайызы Кытайдын жарандары

14 Аяк оона 201812:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек 14.09.2018. Govori.TV.
Кыргызстандагы чет элдик мигранттардын 80 пайызы Кытайдын жарандары. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Кудайбердиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында жумушка орношууга уруксат алган Кытайдын 8 миң 760 жараны бар. Өлкөдөгү кытайлардын саны 100 миңге жеткендиги тууралуу кептер чындыкка туура келбейт.
Кудайбердиев 2018-жылдын 1-сентябрына карата өкмөт бекиткен чет өлкөлүк адистер үчүн квота 16 миң 490ду түзөрүн билдирди. 24 уруксат берүүчү комиссиянын жыйынтыгы боюнча 10 миң 961 чет өлкөлүк адис Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат алган.
Ал билдиргендей, Кыргызстандын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын жалпы санынан Кытайдын жарандары 79 пайызды түзөт. Андан кийин Түркиянын жарандары, алардын саны 650гө жетет. Андан соң Түштүк кореялыктар – 256 адам. Андан кийинки орундарда Пакистан, Өзбекстан, Украина жана АКШ турат. Бул 60тан 150гө чейин адамдар.
Количество просмотров: 64