• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Кыргызстандык балбан Лазарев жубатуучу беттеште жеңилип калды

6 Баш оона 20219:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жубатуучу беттешинде түркиялык балбан Таха Акгүлгө 4:0 эсебинде жеңилип калды.

125 кг салмакта килемге чыккан Айаал Лазарев 1/8 айлампада АКШ балбаны Ден Гейбл Стивсон менен беттешип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилген. Ден Гейбл Стивсон финалга өткөнүнө байланыштуу кыргызстандык спортчу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүн болгон.

Количество просмотров: 218