• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстандык окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль алды

17 Бугу 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников химия боюнча 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медаль алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-16-май аралыгында Ташкент шаарында өткөн 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасына 16 өлкөдөн 100дөн ашык окуучу, ал эми Кыргызстандан 6 окуучу катышты.

Мелдештин катышуучулары эки теоретикалык жана бир эксперименталдык турларда билим деңгээлин көрсөтүштү. “Эл аралык химиялык олимпиада ЮНЕСКО тарабынан Химия боюнча эл аралык олимпиада менен бирдей деңгээлде катары таанылды” – деп белгиледи олимпиаданы уюштуруу комитетинин төрагасы, Москва Мамлекеттик университетинин химия факультетинин деканы, Россиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Степан Калмыков.

Количество просмотров: 172