• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кыргызстандык окуучу Парижде өткөн олимпиададан коло медаль тагынды

30 Теке 201910:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Париж шаарында өткөн химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада 11-класстын окуучусу коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Бишкектеги №9 мектептин окуучусу Мирхад Чекирбаев IChO деп аталган 53-эл аралык олимпиададан билим деңгээлин сынап, 3-орунга татыктуу болду. Аталган олимпиадага Кыргызстандан Нурсултан Соодонбеков баштаган дагы башка окуучулар катышып, сертификаттар менен сыйланган.

Кошумчалай кетсек, мелдешке 84 өлкөдөн 330 окуучу катышкан.

Количество просмотров: 52